Menu

Путин каатчылыкты жөнгө салуу үчүн Катар эмирин сүйлөшүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин Катар эмири Тамим Бен Хамад Аль Танини Перс булуңундагы каатчылыкты дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөдү.

Путин Катардын лидери менен телефондо сүйлөшүп, Москва менен Доханын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелерин дагы талкуулады.

Бир күн мурун мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон бардык тараптарды сабырдуулукка жана “чогуу отуруп сүйлөшүүгө” чакырган. Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Катардын изоляциясы “коркунучтуу терроризмди токтотуунун башталышы болушу мүмкүн” экенин билдирген.

5-июнда Египет, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Ливия Катар менен дипломатиялык мамилелерин үзгөн. Араб лидерлеринин билдирүүсүндө Доха Ирандагы радикалдуу исламисттерге колдоо көрсөтүп келет. Катар бийлиги айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: