Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын финансы-экономика системасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсзыдоо бөлүмү билдирет.
«Урматтуу финансы-экономика системасынын кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансы-экономика кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Өлкөнүн жана анын жарандарынын экономикалык жана финансылык бакубаттыгы көп жагынан финансы тармагынын ишинин натыйжалуулугуна жараша болот.
Кыргызстандын финансы-экономика рыногунда бирдиктүү мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашырылышы, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү, казыналык системасын ийгиликтүү тейлөө Сиздердин ак ниет эмгигеңердин үзүрү болуп саналат.
Кызматкерлердин мындай сапаты келечекте да алдыга коюлган татаал милдеттерди чечкиндүү аткарууга өбөлгө болоруна ишенебиз.
Сиздерге чың ден соолук жана иштеги ийгиликтерди каалайм».
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ