Menu

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: “Калк арасында карыз төлөө маданиятын калыптандыруу зарыл”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште күрөөгө коюлган мүлктөрдү насыя төлөнбөй калган учурда банктын эсебине алууда киргизилип жаткан жаӊы эрежелерге арналган мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында ЖК Басма сөз кызматы билдирет.

Насыя алуучу карызын кайтара албай калган учурда, банктарга же күрөөканаларга насыя үчүн күрөөгө коюлган мүлк соттун чечими менен базар баасы аныкталгандан кийин банктын же күрөөкананын карамагына алынышы шарт. Мындай эреже депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору аркылуу сунушталууда.

Демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мындай өзгөртүүлөр насыя алуучуну жоопкерчиликтен кутултуу үчүн эмес, тескерисинче, карыз төлөө маданиятын калыптандыруу максатында иштелип чыккан. «Күрөөгө коюлган мүлктүн чыныгы базар баасын аныктоо менен, банктар же күрөөканалар тарабынан насыя алуучуга карата жасалган мыйзамсыз жосундарды азайтуу чаралары да каралды. Биз калк арасында карыз төлөө маданиятын калыптандырышыбыз керек», – деп, ал мыйзам долбоорлору Улуттук банктын өкүлдөрү макулдашылганын кошумчалады.

Эске салсак, мыйзам долбоору тармактык комитетте каралып жатканда, депутаттар аталган мыйзамдын маанилүү экенин, бирок тактап койчу жагдайлар да арбын экенин айтышкан. Айрым депутаттар Жарандык кодексте күрөөгө коюлган үй бирөөнүн жалгыз турак жайы болсо, сот аркылуу гана чечилет деген жобо бар экенин белгилешип, мыйзам долбоорун банктар менен биргелешип карап чыгуу зарылчылыгын айтышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: