Menu

Сапар Исаков Өкмөттү башкарууга даярдык көрүүдө

Бөлүшүү:

Президенттин мураскери тууралуу кеп болгондо, эки-үч адамдардын аты-жөнү айтылып келген. Алардын арасында Сапар Исаков да бар болчу.

Президенттик аппараттын жетекчи орун басары, анан жетекчиси болуп иштеген бул кырктын кырынан жаңы гана ашкан жигит айрым саясий серепчилердин талдоосунда өлкө башчылыгына барууга президент тарабынан көбүрөөк колдоо тапмак. Бирок, КСДП партиясынан талапкерликке Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөндөн кийин мураскерлердин тизмесинен чийилди.

Өткөн жумада Исаков “Таза коом. Көз караш, глобалдык тенденциялар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү” аттуу эларалык конференция өткөрдү. Бул глобалдуу маселелерди көтөрүүгө далалат кылган конференциянын автору катары эми ал премьер-министрлик кызматка барышы мүмкүн. Башкача айтканда, коомчулукта президенттик шайлоого аттанып жаткан Сооронбай Жээнбековдун ордуна Сапар Исаков келери көптөн бери талкууга алынууда. Ал эми аталган конференция алыска ыргытылган аркан. Ал так эле өкмөт башчылык орунга ташталган укурук болчудай кебетеленип калды.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: