Menu

Бишкекте ЖККУ аскердик-экномикалык кызматташтыгы боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйыны өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 8-июнда, Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) аскердик-экномикалык кызматташтыгы боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйыны өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында ЖККУ алкагында аскердик-экономикалык кызматташуу багытындагы актуалдуу маселелер каралат.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин, Армения Республикасынын Коргоо министринин орун басары Давид Пахчанян, Беларусь Республикасынын аскердик-өндүрүш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Пантус, Казакстан Республикасынын Коргоо министринин орун басары Талгат Жанжуменов, Тажикстан Республикасынын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шавкат Бобозода жана ЖККУ баш катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат.

ЖККУ аскердик-экномикалык кызматташтыгы боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: