Menu

Бердымухамедов калк үчүн каралган жеңилдиктерди жоюуну тапшырды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдөгү социалдык жеңилдиктер системасын натыйжасыз деп атап, өкмөткө аны жоюуну тапшырды. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агентиктери билдиришти.

Бердымухамедов учурда жеңилдиктер системасы толугу менен натыйжасыз болуп калганын белгилеп, вице-премьерге бардык жеңилдиктерди жоюу боюнча сунуш даярдоону тапшырды. Өлкө башчынын пикиринде, жеңилдиктер жарандардын бардыгына эмес, чынында эле социалдык жардамга муктаж адамдарга гана берилиши керек.

Түркмөнстан жарандарына сууну, газды жана электр энергиясын бекер пайдалануу мүмкүндүгүн берип келген жеңилдиктер 1993-жылы өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязов тарабынан киргизилген. Кийин калк үчүн каралган жеңилдиктерди 2030-жылга чейин сактоо тууралуу жобо мыйзамдык негизде бекемделген.

Мурдагы вице-премьер жана өлкөнүн Борбордук Банкынын башчысы Худайберди Оразовдун пикиринде, өкмөт көптөгөн жылдар бою жеңилдиктерди популисттик максаттарда пайдаланып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: