Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбордук Азия региондоруна көчүүсүнө каршы туруу үчүн Россия өзүнүн аскердик базаларын жаңы куралдар менен Таджикстан жана Кыргызстанда күчтөндүрүп жатат. Бул туурасында Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу кечээ, 7-июнда Астанада болгон ШКУ мамлекеттеринин куралдуу күчтөр жетекчиликтеринин отурумунда билдирди.
РИА Жаңылыктарынын билдиришине караганда, бул ишти Россиянын Коргоо министрлиги Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбордук Азияга жылышына каршылык көрсөттү үчүн жасап жатат. “Ушул максатта биз россиялык аскердик базаларынын согуштук даярдыктарын Таджикстан жана Кыргызстанда күчөтүп, заманбап куралдар жана аскердик техникалар менен камсыз кылуудабыз”, – деди министрликтин башчысы.
Бул максатта Борбордук Азия мамлекеттеринин аскердик күчтөрүнө жардам берилип, алардын согуштук мүмкүнчүлүктөрүнө көбүрөөк көңүл бурулат, деп белгиледи.
“2017-жыдын мартында Таджикстанда республиканын күч структуралары менен антитеррордук командалык-штабдык үйрөтүүлөр өткөрүлгөн, сентябрга ушуга окшош эле улуттук аскердик контингенттердин катышуусундагы үйрөтүүлөр ЖККУга мүчө мамлекеттерде болоору пландалууда” – деп эскерте кетти Шойгу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ