Menu

Оор жүк ташуучу унаалар кечкисин жүрүшсүн, дейт депутат

Бөлүшүү:

Депутат Жыргалбек Калмаматов мындай сунушу менен бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында “Ар түрдүү маселелер” саатында чыкты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Депутаттын айтымында, күндүзү күн ысып, асфалт эрип, оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшү менен жолдор керектен чыгып жатат. Анын натыйжасы катары бир катар жол кырсыктары жаралууда. “Андыктан, оор жүк ташуучу унааларга кечки салкында жүрүүгө уруксат берүү менен жолдорубузду сактап калат белек”,- дейт депутат.

Ири каражаттарга жолдор курулуп, бирок аны пайдалануу начар болуп жатканына депутат Айтмамат Назаров дагы токтолду. Оор жүк ташуучу унаалардан ашыкча жүк салгандыгы үчүн алынып жаткан каражаттар жолду куруунун 10% дагы түзбөйт. А.Назаров мындай оор жүктөр менен жолдорго түшүп жаткан оорчулукту темир жолго өткөрүү демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, оор жүк ташуучу унаалар жеке эле Кыргызстан ичинде эмес, коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөргө чейин чыгып жатат. Учурда Өзбекстан менен алака жакшыра баштаган маалда, ал жакка барчу жүктөрдү темир жол аркылуу жеткирсе болот.

Жолдордогу аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери дагы начар болуп жатканына депутат Урматбек Самаев кошулду. “Сапатсыз курулган, оңдолгон жолдордон айдоочулар канчалаган чыгымдарга учурап жатат. Чет өлкөлөрдө жолдогу аң-чөнөктөрдү күнү-түнү иштеп 1-2 күн ичинде бүткөрүлөт экен. Бизде болсо ал дагы бир топ убакытты алат”,- дейт депутат.

Жол коопсуздугуна байланыштуу маселени депутат Аида Касымалиева улады. Ал Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылын Бишкек-Ош жолу аралап өтөрүн белгилеп, эл менен болгон жолугушууда бул аймакка 3 жол чырак, ошондой эле Шералы айылына дагы бир жол чырак абдан зарыл экенин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: