Menu

Бийликке каршы саясатчыларды кандай тагдыр күтүүдө?

Бөлүшүү:

Орозо айы демейде саясый салгылашуу жагынан тынч болчу эле, бу саам тескерисинче кетти. Өзгөчө саясатчылардын катар-катар соттук иштери уланып, коомчулук кулак түрүп турган чагы.

Буга чейин Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов баштаган «төңкөрүшчүлөрдүн» соту болгону, нааразычылыктар жаралганы, аныгында шаардык соттон да карала турганы белгилүү. Баса, артка кайтпас лидери Бекболот
Талгарбеков болгон «Элдик парламенттин» мүчөлөрүнүн тагдыры кай жагына жазылары али белгисиз. Жоопкерчиликтери карала элек. Аз күн мурун болсо, Садыр Жапаровдун соттук иши башталды. Ит жыгылыш болобу? Же бийликтин аброюн кетиришеби? Көрө жаталы.

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын лидери ӨмүрбекТекебаев, Дүйшөнкул Чотоновдун соттук териштирүүлөрү өлкөдөгү эң башкы саясый шоуга айланганы турат. Азырынча бир жактуу пикир айтуу эрте. Текебаев президенттик
шайлоого талапкер катары катталабы, же ага жеткизбей өкүм окулабы? Кыйла машакаттуу түйшүктүн түйүнү ушул жерде… Ал эми депутаттар Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун «иштери» тез арада бүтө турганы байкалып калды. Козголгон кылмыш иштери боюнча жаза алышары, мандаттарынан ажырап, алардын ордуна тизме боюнча Искендер Гаипкулов баштаган ийкемдүү эл өкүлдөрү келе турганы жашыруун эмес. Ошондо «Ата Мекендин» баш көтөргөн лидерлери буттан чалынса, калгандары бийлик машинесине туруштук бере алышмак беле? Бирок, мындай соккунун соңу эмне менен бүтөт? Сыягы, «атамекенчилер» менен бийликтин күрөшү барган сайын курчуп, ортодо эл баасын берсе керек.

Натыйжада, баарынан да түрмөдөгү Текебаев саясый жактан упай топтоп, темир тор артында бийлик машинеси менен күрөшкөнү көпчүлүккө кызыгуу жаратууда. Кызык, элдин негизги катмары кайсы тарабына ишенүүнү деле билбей тургандай…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: