Menu

Ким Чен Ындын образын жараткан Илмиянов

Бөлүшүү:

Соңку күндөрү президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов интернет айдыңында «жылдызга» айланды. Мектеп курулушу, суу түтүктөрүнүн ачылышы ж.б. иш-чараларга катышканын «Баткен ТВсы» даңазалап салды эй. Пиар кампаниянын жүрүшүндө Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ынды тегеректегендей эле образ жаралып, жергиликтүү кызматкерлер каадалуу баскан Икрамдын кареги менен тең айланышканы, «иштебесеңер кылмыш ишин козготом» десе да макул болушуп, хандай эле кабыл алышканы кызык болууда. Баткендин падишахына айлангандай… Мындан сырткары, Илмиянов түштүк региону боюнча Сооронбай Жээнбековдун штабын көзөмөлдөөчү башкы фигурантка айланууга ашыкканы, эмитен эле «эсептешчү» чиновник, бизнесмен, таасирдүү
адамдардын казкатар тизилүүсү эмнени билдирет? Ошого катар ага ар кандай кызматтагы чиновниктер менен депутаттар да багынып бергени, жада калса президенттикке аттанган айрым саясатчылардан бери кошомат кылышып, алдыга төшөлүүгө чейин жетип калышканычы? Эр экенсиң Икрам! Ошондой кул мүнөз, күнкарама аткаминерлерди эзе бер, керек болсо басып жесең да андайлар «кыңк» дебейт. «Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин» дейт даанышман элибиз…

Булак:”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: