Menu

Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Кең-Булуң-автодорожный» модернизацияланган көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Кең-Булун-автодорожный» модернизацияланган көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилди. Көзөмөл-өткөрүу пункту суткасына 700 автоунааны жана 5000 жаранды өткөрүүгө ылайыкталган.

«Кең-Булуң-автодорожный» жаңыланган көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылыш аземине бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө мамлекеттик чек араны бекемдөө, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялап, материалдык-техникалык жактан жаңыртуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргызстандын ЕАЭБ интеграциясынын алкагында негизги иш багыттарынын бири болуп саналарын билдирди.

«Мурдагы жылдарга салыштармалуу чек ара кызматкерлеринин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлгөнүн көрүп турабыз. Бул багытта алгылыктуу иш алып баруунун натыйжасында биз жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик. Өкмөт мамлекеттик чек ара кызматына өзгөчө көңүл бурат. Акыркы жылдары өлкөнүн бардык аймагындагы мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу жана аларга бардык шарттарды түзүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы белгилегендей, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу  – бул Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири.

«Кыргызстан кыска убакыт аралыгында ЕАЭБ кирүүнүн астында койгон шарттарды аткарууга бардык күчүн жумшады. ЕАЭБ каражат күтпөстөн, Кыргызстан өз  күчүнө ишенип, республикалык бюджеттеги каражаттардын эсебинен көрсөтүлгөн аймактарды куруу, оңдоо жана реконструкциялоо иштерин бүтүрдү. «Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүу пункту да ЕАЭБ талаптарына ылайык, мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандарга жагымдуу шарт түзүү максатында толук оңдоодон өттү. Биз ар бир туристтин Кыргызстан тууралуу көз карашы, ою, андагы чек араны кесип өткөндө жана чек ара кызматкерлеринин аларга жасаган мамилесинен улам түзүлөрүн эстен чыгарбашыбыз керек», – деди Премьер-министр.

Архитектура курулуш турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, Премьер-министрдин кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын   оңдоодон өткөрүү тапшырмасынын негизинде 2016-жылдын 25-сентябрында «Токмок – автодорожный» жана  «Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын курулуш иштери башталган.

«Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоого 26,5 млн сом каражат сарпталды. Мындан сырткары бүгүнкү күндө, «Ак-Тилек-Автодорожный»  жана  «Чалдывар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Алардын курулуш иштери жакынкы аралыкта аягына чыгат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Данияр Сатимов,  чек араны кесип өткөн жарандар жана чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн максималдуу шарттар түзүлгөнүн билдирди. Мыйзам бузуулар жана туристердин укугун бузуу фактыларына жол бербөө максатында пункт толугу менен видео байкоодо турат. Аны менен бирге жарандардын убактысын албай паспорттук текшерүүлөрдү тездетүү үчүн атайын кошумча бөлмөлөр курулган.

Чек араны кесип өткөн жарандар үчүн эл аралык деңгээлде жагымдуу шарт түзүү максатында эки кабаттан турган көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагына жүргүнчүлөрдүн документтерин катоо жана паспорттук текшерүү бөлүмдөрү бар.

Автоунааларды текшерүү үчүн чоң үстү жабылган сарай курулган. Мындан сырткары модернизациялоо маалында жеңил унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өзүнчө катар эске алынган.

«Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту 2003-жылдан бери түнү-күнү, токтоосуз мөөнөттө  иштеп келе жатат.

Андан ары Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков «Ак-Тилек-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, «Кант-Чүй көпүрөсү» жолун модернизацяилоо долбоору иштелип чыгып, «Ак-Тилек-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы көпүрөнүн жанына жанаша куруу пландалууда.

Премьер-министр КР Мамлекеттик чек ара кызматына чоң жүк ташуучу унааларды текшерүү процедураларын кароону  тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: