Жакында Түркияга болгон иш сапарында спикер Чыныбай Турсунбеков түрктөрдүн премьер-министри Бинали Йылдырым, Россияга болгон сапарында Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушканы, эки тараптуу жолугушуунун расмий бөлүгү аяктаган соң Чыкең алар аркылуу В.Путин, Р.Эрдоган мырзаларга жолугуу үчүн жашыл жарык издегени чынбы? Алтургай түркиялык кесиптештеринен алдыдагы президенттик шайлоого карай каржылык жардам да сураганы ачыкталабы? Бул өңүттө тескери пикир тар чөйрөгө жайылып кетти. Мындай жүрүшү менен Чыныбай Турсунбеков КСДПнын негизги талапкери Сооронбай Жээнбековду жакшы эле күйгүлтүккө салып келди эй. Шефтен «бата алган» үчүн чет жактан тыйын издеп чыйпылыктадыбы, же «ичтен чыккан ийри жылан» образында жүрөбү?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ