Menu

Астанада ШКУ саммити башталууда

Бөлүшүү:

Бүгүн Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити башталды. Ага альянска мүчө өлкөлөрдүн башчылары катышууда.

Казакстан бийлиги негизги иш-чаралары 9-июнга белгиленген саммит тарыхий мааниге ээ экенин билдирди.

Саммитте ШКУга Индия менен Пакистандын толук кандуу мүчө катары кириши күтүлүүдө. Иш-чаранын жыйынтыгында Астана декларациясы баш болгон бир катар документтер кабыл алынат.

Учурда ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Орусия мүчө. Мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн 7-июнда Астанага Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келген. Бүгүн Орусия президенти Владимир Путин келет. Алар экөө тең Астанада өтө турган эл аралык EXPO-2017 көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: