Menu

УКМК “согушкердин” видеокайрылуусун териштирүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстандын атайын кызматы бетин чүмкөп, согушкердей кийинген жарандын видеого тартылган кайрылуусун териштире баштады. Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов атайын кызмат бул тууралуу кабардар экенин, маалымат териштирилип жатканын билдирди.

Бүгүн интернеттеги социалдык түйүндөрдө кара көз айнек тагынып, бетин чүмкөгөн адам колуна автомат кармап, энесинен кечирим сурап кайрылган видеосу тарап, кызуу талкууга алынып жатат. Видеодон арткы фондо атышуу, жардыруунун үнүн угууга болот.

Кайрылган жаран кыргызча сүйлөп “Апа, мен тирүү калбайм окшойт. Кечирип коюңуз. Мен бул жерге келип туура эмес кылыптырмын. Булар күнөөсүз балдарды өлтүрүп, аялдарды зордукташат экен” деп айтууда.

Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Айрым интернет колдонуучулар ал адамды “мыкты ойногон артист экен” деп да мүнөздөп жатат.

УКМКнын маалыматына караганда, Сириядагы согушка катышканы кеткен кыргызстандыктардын жараны 600гө жакын адам.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: