Түркмөнстан өкмөтүнүн калк үчүн каралган жеңилдиктерди жоюу чечими өлкө жарандарынын жана жергиликтүү байкоочулардын тынчсызданууларын жаратты. Мурдараак Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдөгү социалдык жеңилдиктер системасын натыйжасыз деп атап, өкмөткө аны жоюуну тапшырган.
Жергиликтүү укук коргоочу Фарид Тухбатуллиндин пикиринде, жеңилдиктердин жоюлушу өлкөнүн Дашогуз облусундагы калктын жашоо деңгээлине олуттуу таасир тийгизет. Айтымында, социалдык, өнөр жай жана экономикалык жактан бир топ артта калган аймактын жашоочулары үчүн жеңилдиктер жакшы жардам болуп келген. Ал аймакта жумушсуздук деңгээли жогору экенин жана жашоочулардын көбү убактылуу жумуштарда иштей тургандыктарын белгиледи.
Ашхабаддык серепчи Аманмырад Бугаевдин айтымында, калктын басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашаган өлкөдө жеңилдиктерди жоюу – жашоо деңгээлдин төмөндөшүнө алып келет. Ал бул чечим баарынан да газды жана электр энергиясын бекер пайдалануу менен күнөсканаларда жашылча-жемиштерди өстүрүп, үй жаныбарларын кармаган айылдагы жарандарга көбүрөөк таасир эте турганын белгиледи.
Түркмөнстан жарандарына сууну, газды жана электр энергиясын бекер пайдалануу мүмкүндүгүн берип келген жеңилдиктер 1993-жылы өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязов тарабынан киргизилген. Кийин калк үчүн каралган жеңилдиктерди 2030-жылга чейин сактоо тууралуу жобо мыйзам түрүндө бекемделген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ