Menu

Чыныбай Турсунбеков бизнесин жан алы калбай коргойбу?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште унга байланыштуу маселе көтөрүлүп, депутаттар буудайды жана унду импорттоодо КНС киргизүү маселесин карашууда. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы эң ири ун өндүрүүчү компаниянын негиздөөчүсү, төрага Чыныбай Турсунбеков чыгып сөз сүйлөдү.

Айтымында, ун өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн кабыл алынган мыйзамдарды айрымдар бурмалап, бул мыйзамдардын артынан 2-3 гана адам пайда көрүп жатканын айтып чыгышууда.

“Биздин фамилиябыз дагы айтылып жатат. Бул тармакты билген киши катары айтайын мыйзам долбоорунун максаты -бюджетти толтуруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу”,-деди төрага. Ошондой эле ал 2016-жылдагы абалды эске салды. “Кургакчылык болгон. Биз саясаттан алыс болчубуз жана дыйканчылык менен алек элек. Темир Сариев трибунадан ундун баасы 100 сом болорун билдирген. Казакстандан ташылып келинген ундун баасы 40 сом болгон. Нан кымбаттоосу күтүлгөн. Бизден бааны 25 сомдон жогорулатпоону суранышты. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бааны кармап турдук. 45 сомдон сатсак анда көп сумманы чөнтөккө салмакпыз”,-деди Чыныбай Турсунбеков. “Биз азык-түлүк коопсуздугун шылтоо кылбай иштешибиз керек”,-деди ал. Буудайга кошумча нарк салыгы киргизилсе эле өлкөдө ун азыктары, нан кымбаттап, кыргызстандыктар болуп көрбөгөндөй кыйналып кетет деп ызылдаган төрага өз көмөчүнө күл тартуу менен алекпи?

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: