Menu

Дүйнөнүн 5 мыкты университетине өтүп, Гарвардды тандаган Мурат Мадыков

Бөлүшүү:

Каарманыбыз өзүн эмгекчил, максатка умтулган жана тырышчаак кылып тарбиялаган ийгиликсиздигине ыраазы. “Иштин оңунан чыкпашы — ийгиликтин  табияты” деп санаган Мурат Мадыков, убагында FLEX, Muskiye жана Chevening программаларында өтпөй калган. Антсе да, ал кыйынчылыкка моюбай, ар дайым алдыга жылууну көздөгөн. Мадыков магистратурага окуш үчүн дүйнөнүн мыкты делген Harvard, Columbia, NYU, Berkeley, Cornell жана  LSE университеттерине тапшырып, төртөөсүнөн оң жооп алуу менен, жыйынтыгында Гарвардды тандаган. Ийгиликсиздик адамды кантип тарбиялай турганын  Мурат Мадыков өзү айтып бермекчи.

Эгер чын эле менин жашоо таржымалымды уккуңуз келип жатса, алгач  менин кайсыл жерде төрөлгөнүмдү, балалыгымдын кайсыл жерде өткөнүн, ата-энемдин эмне менен алектенгенине кызыксаңыз керек. Чынын айтканда бул тууралуу айтууну деле каалабайм. Бирок ата-энем жөнүндө айткым келип турат. Атам – куруучу-инженер, ал эми апам болсо тамак-аш өнөр жайынын технологу. Алар совет мезгилинин бизге калтырган ары жоопкерчиликтүү, ары адилеттүү, бир аз ишенчээк, ошондой эле күчтүү жана оптимисттүү,  идеалдуу инсандар экенин ынанымдуу түрдө айткым келет. Ата-энем өмүр бою бир эле ишканада иштешти. Маяналарын аз алышса да, балдарды окутабыз деп биздин билим алып, өнүгүшүбүз үчүн болгон аракеттерин жумшады. Ата-энемден тышкары, ар дайым жашоодо, окууда жөлөк-таяк болуп,  колдоп жүргөн улуу агам жана эжем бар.

Мен окуганды төрт жашымда өздөштүргөнүмдү айтып калышат, бирок менин эсимде жок экен. Жети-сегиз жашымда кадимки өспүрүмдөр адабиятын “Гарри Поттер”, “Сумерки” өңдүү чыгармаларды окуганым эсимде. Авторлору Жюль Верн, Твен, Стивенсон, Берроуз, Конан Дойль жана Агата Кристилер болчу. Башталыш жакшы болгонуна карабай, мектепте окуу кыйын эле болгон. Ал эми университетте, андан кийин магистратураны Гарвардда окуу оголе кыйын эле.

Мен Жалал-Абадда төрөлүп, орто мектепти ошол жерден аяктадым. Бирок бул менин шаардык окуучулар менен болгон айырмама кедергисин тийгизген жок. Көптөгөн окуучулар Бишкекке аймактардан келишет, айрымдары региондордон эле мектепти бүтүп чет өлкөгө окууга тапшырышат. Учурда маалыматтын бат таралганынан, шаар менен аймактардын жолдорунун жакшырышынан, үзгүлтүксүз маалымат алуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан билим алуунун жолдору да бир кыйла кеңейди.

Мен өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээ эмес элем (азыр деле мага андай нерсе келген жок), ошентсе да мектептеги он жылдыкты жалаң “мыкты” деген баа менен аяктадым. Өзгөчө тарых, адабият сабактарына кызыкчумун. Сыягы дал ушул сабактар мени юриспруденцияга алып келсе керек. Ошол эле учурда мени дайыма ийгиликсиздик коштоп жүрчү.  Америкага FSA (FLEX) программасы боюнча өтпөй калдым, аны менен катар эле Республикалык олимпиадада  тарыхтан 2-орунду алып калдым.  2002-жылы мектепти аяктаган соң мага АУЦАга тапшырууга кеңеш беришти. Бирок  каржылык жардам ата-энемден келе тургандыктан, аталган окуу жайга алардын чамасы жетпейт болчу. Ошондуктан Кыргыз-Орус Славян университетине бюджеттик негизде тапшыруу жалгыз вариантым болчу. Артыкчылык дипломум менен университетке өтпөй калдым. Бир жума даярдангандан кийин кайра сынак тапшырып, 150 абитуриенттин ичинен биринчи орунду алдым. Бирок ал учурда бул нерсе мага катуу сокку болду. Кызыл аттестат мага жараган жок.

Мугалимдерге өтө сый мамиле кылам, бирок моюнга алуу керек, университеттеги окуу эч нерсеси менен өзгөчөлөнгөн жок. Тилекке каршы, биздин салттуу система өзүнө олуттуу кемчиликтерди камтыйт. Алсак, ашыкча тартип, маанисиз теориялар, сабактарды тандоонун жоктугу ж.б.

Юрист катары “укуктук норма” менен “укуктун нормасы” түшүнүктөрүн бөлүүнүн маңызы эмне экенин алиге дейре түшүнбөйм. Же болбосо ааламдын кеңейиши жөнүндөгү  Гам теориясын биз “Заманбап табият таануунун концепциясы”, мисалы, кардар менен макулдашууда пайдасы тийиши мүмкүн. Ошондуктан университет менен чектелип калбаганга аракеттендим. Мага өзгөчө пайдасы тийген соттук-оюндук отурумдарга катышуу, тренингдер жана студенттик конференциялар болду. Англис тилим начар болчу, бул үчүн атайын курстарга барууга, интернет колдонууга да мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Ошондуктан тилди өз алдымча үйрөндүм. Бул үчүн “Сорос-Кыргызстан” ресурстук борборунун материалдарына, китепканадагы китептер менен, жада калса акысыз баарлашуу клубдарын издеп, чет өлкөлүк диний ыктыярчылар менен библиянын икаяларын талкуулачук. Баса, дал ошол Сорос фондунда алгач ирет Гарварддын жарнамалык баракчасын көргөм. Бирок ал мезгилде Гарвардга тапшыруу орундалбас кыял эле.

Университетти бүтүрөөрүмө бир жарым жыл калганда тажрыйба алуу үчүн Бишкектеги  юридикалык Kalikova&Associates фирмасына бардым. Ал жерден тажрыйба топтогондон кийин ошол жерде калууну чечтим. Аталган фирмадан Гарвардга учуп жатканда кеттим. Фирма кесиптик өнүгүүмө салым кошуу менен, мыкты кесиптештерди берди. Дээрлик өлкөдөгү ири инвестициялык жана бир топ мыйзам чыгаруучу долбоорлорго катыштым.  Бирок Кыргызстанда юридикалык тармактын тар экенин эске алып, жумуштун алгачкы жылынан тартып магистратураны чет өлкөдөн окууну ойлонуп баштадым. Бул жагдайда мага финансылык жана инфраструктуранын корпоративдик укук тармагы кызык болду. Чет өлкөдө билим алуу өтө кымбат, ошондуктан чет өлкөгө окуш үчүн конкурс аркылуу өтүп, стипендия алууга аябай  аракеттендим.

Борбор Европалык университеттин стипендиясына  тапшырдым, өткөн жокмун. Үч жолу  Muskiye программасына тапшырып, ар жолкусунда баш тартуу алдым. Улуу Британиянын Ghevening программасына тапшырып, тандоо турунан эле өтпөй калдым. Университеттер менен түздөн-түз байланышып, голландиялык жана британиялык эки  университетке өттүм. Бирок алар стипендиясыз болчу. Аталган ийгиликсиз аракеттерим дагы кошумча маалымат издөөмө түрткү берип, бир гана дүйнөлүк мыкты аталган университеттер менен тике байланышуума өбөлгө түздү. Буга чейин жетиштүү кесиптик тажрыйба топтоп, документтерди жыйнап, ошондой эле бир нече жуманын ичинде TOEFL IBT баллымды 109га көтөргөм.

Беш мыкты окуу жайга Harvard, Columbia, NYU, Berkeley, Cornell жана  LSE университеттерине документтерди тапшырдым. Алардын төртөөсүнөн оң жооп алдым. Ал эми Cornellден мага кезектеги баракчада турганымды кабарлашты. Калган Harvard, Columbia, NYU, Berkeleyжана  LSE окууда арзандатуу сунушташты. Бизнес укук тармагында окуш үчүн, мүмкүн Columbia жана  NYU жакшы тандоо болмок. Бирок абалга саресеп салып, университеттин бренддик ордун эске алып, Гарвардды тандадым.

Кесиптештеримдин арасында американын жана британиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, юридикалык тармакта он жылдап тажрыйба топтогон адистер бар.

Англисче көп окуш керек болчу. Ошондуктан алгач Гарвардда окуу мага өтө кыйын болду. Бирок алгачкы сынактан соң бардыгы жакшыра баштады. Гарвард бул сен түшкөн  катаал интеллектуалдык чөйрө. Ар түрдүү тажрыйбага, күчтүү мотивацияга ээ болгон студенттер менен жолугасың. Таанымал профессорлор сабак беришет. Ошондой эле Гарварддан башка Массачусетс технологиялык университетинин лекцияларына катышууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Өзгөчө эсте калганы Ноама Хомскинин лекциясы (Массачусетс университети),  ошондой эле Гарвардда режиссер Стивен Спилберг менен  таанышканыбыз  болду.

Америкадан магистратураны аяктасам да, ал жерде жумуш  үчүн ондогон каттарды, таржымалдарды, маектерди айтып кетпесем болбойт.  Америкада мени кызыктырган тармактын канчалык атаандаштык жаратаарын билсем да буга өкүнбөйм. Ал жактан мени учурда юрист катары иштеп жаткан Казакстандагы эл аралык Kintseller фирмасына чакырышты. Кесиптештеримдин арасында американын жана британиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, юридикалык тармакта он жылдап тажрыйба топтогон адистер бар. Аталган фирмада иштөө менен ири келишимдер, региондук каржылоону жүргүзгөнүм үчүн кубанычтамын.

“Бир саатта жаралган ийгилик үчүн, ийгиликсиз алты саатты коротуу керек эле”

Учурда жубайым экөөбүз Алматыда иштейбиз. Туугандарыбызга каттап туруш үчүн Алматы бизге өтө ыңгайлуу. Учурда да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөдөбүз.

Өткөндү эстеп, көз алдыма  ийгиликсиз күндөр, басмырлоолор жана баш тартуулар тартылды. Булардын айрымдары кошумча эмгекти, түздөтүүлөрдү талап кылса, айрымдарын өзгөртүүгө мүмкүн эмес болчу. Бул кийин сыймыктана турган нерсенин акысы катары табигый нерсе. Көпчүлүк жаштар кыйынчылык — ийгиликтин ачкычы экенин унутуп,  бир аз кыйналышса эле өздөрүн таштап салат. Ошондуктан мен жаштарга өзүнүн ийгиликсиз таржымалын түзүп, андан кийин өзүнө “Алардан менде өтө аз санда эмеспи?” деп сурашын каалайт элем.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: