Menu

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин күбөлөрү жалганчылар! Ушакчылар! Эмне, ал Кыргызстанда аскердик хунта орноштурганы жатабы?”

Бөлүшүү:

Атамбаевдин күбөлөрү жалганчылар! Ушакчылар! Кичинекей сот залына автоматчан аскерлерди толтуруп коюп, иш жүзүндө бул аскердик жабык сот болуп жатат да! Эмне, ал биздин Кыргызстанда аскердик хунта орноштурганы жатабы?”, – деп билдирди абактагы “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болуп өткөн процессте сүйлөп.

“Мен сот процесси ачык болуп, телевидение түз эфирде элге көрсөтүүсүн талап кылам… Убагы келет, Исмаил Исаков менен Феликс Куловго чыгарылган сот чечимдери кандай жокко чыккан болсо бизге чыккан сот чечимдери да ошондой эле жокко чыгат. Мен өзүмдүн күнөөм жок деп эсептейм. Мен ГКНБнын, Генпрокуратуранын, Атамбаевдин алдында өзүмдүн моралдык үстөмдүгүмдү сезип турам. Анткени мен өзүмдүн ак экениме ишенем. Атамбаев өзүнүн ак экенине ишенеби? Атамбаев бир ай мурун айтып жаткан: “Ар бир адам күбөлөрдүн айтканын көрсүн, уксун, Текебаевдин коррупционер экенин билсин” деп. Анда эмнеге менин үстүмөн өтчү сот иштерин жабык болсун деп жатасыңар? Анткени Атамбаевдин күбөлөрү жалганчылар! Анын күбөлөрү ушакчылар! Фактылары фальсификацияланган, бурмаланган иштер. Биз өзүбүздүн күбөлөрүбүз менен, документтер менен, видеоматериалдар менен анын баарын жокко чыгарабыз. Анан сиздер кантип сот процессин видеого тартууну жаап коюп жатасыздар? Кичинекей сот залына автоматчан аскерлерди толтуруп коюп, иш жүзүндө бул аскердик жабык сот болуп жатат да! Эмне, ал биздин Кыргызстанда аскердик хунта орноштурганы жатабы? Хунта дегенимдин да жөнү бар. Анткени Атамбаев менин “кой!” деп айтканыма карабай, Жарандык коом айтканына карабастан Генпрокуратуранын, Аскер күчтөрүнүн, Коргоо министрин, УКМКнын жетекчилерин жеке өзү дайындап, жеке өзү кызматтан ала тургандай кылып, Өкмөттөн бөлүп алды. Мына ошону менен ал депутаттарды да сындырып, Өкмөттү да сындырып, Сотту да сындырып, Күч органдары менен бирдикте өзүнүн жеке президенттик бийлигин орнотуп алды. Ошол ыкма менен азыр өзү алып келген марионетка президент менен күч органдарын, СМИлерди да коркутуп алды. Ошондуктан менин сотум ачык өтүш керек. Эл аралык уюмдар, биздин коомчулук, эл ачык көрсүн, тарыхта калсын. Нюрнберг сотун да документалдуу фильмдерден көрүп жатпайбызбы. Нюрнберг процессинде адамзаттын душмандарын соттогондо дагы видеого тартууга уруксат беришкен. Анткени жеңүүчүлөр өзүнүн моралдык чындыгына, үстөмдүгүнө ишенген. Ошол фашисттик лидерлердин күнөөлөрүн далилдеп, аларды атып салабызбы же өмүр бою камайбызбы ошого эл, адамзат ишенгендей болсун, ошол адамзатка сабак болсун деп туруп, Нюрнберг процессин видеокамера менен тартып алганы үчүн тарыхта турат азыр. Анан жана мен айткандай солдаттар менен бир караңгы жерге жашынып алып, чечим чыгарып, басып кетебиз десеңер туура болбой калат. Ошондуктан жок дегенде бир оператор таап, процессти тарых үчүн, кийинки сот процесстерине сабак болсун үчүн видеого тартып коюш керек”, – деди Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: Сентябрь

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: