Menu

Алишер Мамасалиев: “Азыр бир кытай бизнесмени Кыргызстанга келип, “мен Темир Сариевге акча бергем” десе Сегизбаевдин УКМКсы Сариевди камап салышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

“Бизде дагы камоолор болот, дагы жаңы саясый жаңжалдар чыкканы турат. Сегизбаев жетектеген биздин УКМК кандай иштеп жатканын көрүп, мен эч нерсеге таң калбай калдым. Дайыма саясый шоуларды уюштуруп жатат”, – деп билдирди экс-депутат Алишер Мамасалиев Бишкектин “Орион” мейманканасында өткөн, өлкөдөгү саясый абалды талкуулаган тегерек үстөлдө.

“Темир Аргенбаевич, эгер кокустан бир кытай бизнесмени Кыргызстанга келип, маалымат жыйынын өткөрүп, “Мен Темир Сариев менен жолугуп сүйлөшкөм, ага акча сунуш кылгам, акча бергем” десе, кудай өзү сактасын, камап салышы мүмкүн, бүгүн уюштурулуп жаткан саясый жаңжалдарды карап туруп, кимдерди кандайча камап жатышканын көрүп, мен эч нерсеге таң калбай калдым”, – деди Алишер Мамасалиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: