Menu

Алмаз Атамбаев: “Биз президенттик шайлоону өз нугунда өткөрө беребиз, эгер кимдир бирөөлөр абалды курчута турган болсо камайбыз!”

Бөлүшүү:

“Биз президенттик шайлоону өз нугунда өткөрө беребиз, эгер кимдир бирөөлөр абалды курчута турган болсо камайбыз!”, – деп билдирди бүгүн, 11-июнда Алмаз Атамбаев БУУнун Генкатчысы Антониу Гутерреш менен “Таза коом” форумуна катышуу алкагында журналисттер менен жолугуп.

“Мен жакында өтө турган президенттик шайлоо боюнча эч камсанабаймын. Мен ачык эле айтайын. Албетте өлкөгө көлөкө түшүрүү, жугунду куюу аракеттери болорун мен билем. Президенттик шайлоо эки тур менен өтсө да быйылкы жылдын ноябрында өлкө жаңы президенттүү болот. Шайлоо 4 айдан кийин өтөт. Шайлоодон кийин мен Кыргызстанда эле калам, эгер мыйзам бузгам болсом жооп берем. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө айрым саясатчы сөрөйлөр менен өзүн журналист атагандан башкалардын баары өлкөдөгү жетишкендиктерди жакшы баалап, кабыл алышат. Ушул журналист сөрөйлөр менен саясатчы сөрөйлөр гана эч нерсени баалашпайт. Бул өтө жаман нерсе. Андан көрө алар өлкөнү тебелегендин ордуна жардам беришсе жакшы болмок”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: