Menu

Ош шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири ишкана ачылды

Бөлүшүү:

Ош шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири ишкана –  «Ош Ак-Сүт» заводу   ачылды. Анын ишке кириши менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы фермерлердин сүт азыктарын сатуу маселеси чечилет. Ишканада 40  адам иштейт. Завод түнү-күнү жергиликтүү элден сүт кабыл алып, аны кайра иштетип, сыр, май, кургак сүт жана башка сүт азыктарын чыгарат. Сүт 8000 кожолуктан сатылып алынып, аларды кабыл алуучу 14 пункт ишке кирди. Жаңы курулган завод Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына толук жооп берет жана келечекте өндүрүлгөн сүт азыктарын Россия, Казакстанган экспорттоо пландалууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Ош Ак-Сүт» заводунун ачылышына  өткөн дем алыш күнү Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өкмөт башчы сүттү кайра иштетүүчү жаңы ишкананын ачылышы, аймакта эң ири сүт заводу болуп, калк арасында сүт маселесин чечип, кошумча жумуш орундарын түзүп, ички миграцияны азайтарын билдирди. Мындан сырткары сүт иштеткен ишканалар арасында атаандаштык түзүлүп, сүт азыктарына болгон баанын төмөндөшүнө алып келет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдарды ишканага максималдуу түрдө колдоо көрсөтүп, айыл чарбасындагы кайра иштетүү тармагына ыңгайлашуусуна шарт түзүүгө жардам берүүгө чакырды. Ал айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлордон ири суммадагы каражат сарпталып жатканын эскертти.

«Үстүбүздөгү жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыянын суммасын 7 миллиардка жеткирели деп жатабыз. Лизингге техника берүү программасы кеңейип, өлкөдө кооперативдерди өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди», – деди Сооронбай Жээнбеков. Өкмөт башчы өлкөдөгү агроөнөр жай комплексин каржылоо келечекте дагы кеңейерин баса белгиледи.

Экспортту өнүктүрүү максатында Өкмөт тарабынан өндүрүштөгү импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган компанияларды каржылоо системасын киргизүү, тактап айтканда «РСК Банк» ААК өндүрүш жана экспортко багытталган ишканаларды каржылоону ишке ашырууга жооптуу кылып дайындоо чечими кабыл алынды.

Маалымдама: Сүттү кайра иштетүүчү  «Ош Ак-Сүт» заводу жергиликтүү элден сүт сатып алып, аны кайра иштетип, сыр, май, кургак сүт жана башка сүт азыктарын чыгарат. Заводдун курулушу Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына толук жооп берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: