Menu

Казакстандын техникалык көмөгү 7 млн доллардан 41 млн долларга чейин көбөйтүлүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Казакстан Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду жана Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Аталган макулдашууда жана протоколдордо Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасындагы иш-чараларды каржылоо максатында, Казакстан тарабынан 100 млн доллар көлөмүндө техникалык көмөк көрсөтүү каралган. Ал бажы инфратүзүмдөрүн обьекттерин жабдууга жана техникалык жабуулоого, сыноо лабораторияларын модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат.

Мындан тышкары, Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол менен мурда 7 млн 526 миӊ долларга кол коюлган сметанын өлчөмү 41 млн 38 миӊ долларга чейин көбөйтүлдү.

Экономика министрлигинин өкүлү Элдар Абакировдун айтымында, Казакстан адегенде акчалай эмес, жабдуу түрүндө техжардам берүүнү сунуштаган, бирок кийинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанга акчалай жардам көрсөтүү маселеси чечилди. Казакстандын бул каражатына Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине интеграцияланышы боюнча Жол карта каржыланмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: