“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы жолдордун сапатынын начардыгына нааразы болду. Ал өзсөзүндө түндүк менен түштүктү бириктирген, жолдордун артериясы болгон жолдун мышык ыйлаарлык абалына токтолду. Ырасында, бул жолдон жүрүүгө мүмкүн эмес. Бишкек-Ош жолунан күнүнө жок эле дегенде 30 000 адам өтөт. Жолдун абалын көрмөксөнгө салып, жол министри Жамшидбек Калилов уктап калды көрүнөт. Чындыгында айта берип ооз тешилди, жаза берип кол жооруду же бир жылыш жок. Деги ушул Жол министрлиги жакшы иш билги жетекчиге жарыбай койду. Улам алмашып олтуруп, маселеге көңүл бурган жан жок, жолдордун таш-талканы чыгып бүттү. Качан кызмат ишине кайдыгер карабаган министр келээр экен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ