Menu

Бишкекте өз өлкөсүндө кылган күнөөлөрү үчүн изделип жүргөн тажик жарандары кармалды

Бөлүшүү:

Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына, Баткен областынын ИИБнын кесиптештерине оор кылмыш кылгандыгы үчүн шектелген Таджикистан Республикасынын жарандары Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөндөрдү кармоо туралуу Тажикистан ИИМи кайрылган. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Таджикистандын Согдий областынын ИИБне жарандарга оор жаракат келтиргендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Шектелүүчү жарандар коңшу өлкөлөрдүн аймагына чыгып кеткендиги жана Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүрүшкөнү маалым болгон. Болжомолдуу маалымат боюнча, 2017-жылдын 7-июнунда болжол менен 01:30 саат чамасында Тажикистандын Ходженд шаарында белгисиз жарандардын ээнбаштык аракеттеринин айынан жергиликтүү жаран бычактан жаракат алган.

Бул факт боюнча Тажикистан Республикасынын Ходженд шаарынын ИИБнын тергөө бөлүмүндө Тажикистан Республикасынын Кылмыш Кодексинин 237- беренесинин 3-бөлүмүнүн “б” бөлүмчөсү боюнча кылмыш иши козголгон. Топтошуп алып, атайылап ден соолукка оор жаракат алып келген шектелүүчү жарандар укук коргоо органдарынан качып кетишкен. Кийинчерээк, белгилүү болгондой, алар ошол эле күнү чек арадан өтүп, мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүшкөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Ходжендте укукка каршы келген аракет коомдук кызуу талкууга алынган.

ИИМдин ыкчам кызматтары керектүү маалыматтарды алгандан кийин, кылмыш кылган шектелүүчүлөрдү издөө ишин уюштурушкан. Издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандарды ыкчам-издөө иш-чарасынына ИИМдин КИББ менен кошо Баткен областынын ИИБ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрүшкөн. Кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында, кечинде Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде Тажикистан Республикасынын Ходженд шаарында болгон кылмышка шектүүлөр 1995-ж. С. Ч., 1996-ж. З. Б., 1991-ж. Д. К. аттуу 3 жаран кармалган. Маалыматка ылайык, жогорку көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнө чыгып кетүүлөрүн пландап жатышкан. Бирок, ИИМдин КИББнын кызматкерлери алардын пландарын жокко чыгарды. Азыркы убакта, кармалган чет өлкөлүк жарандарды Баткен областынын ИИБне берилип, аларды Тажикистан Республикасынын укук коргоо органдарына өткөруп берүү суроолорун чечүү иш-чаралары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: