Menu

Донбасс: блогер Станислав Асеевди издөөгө иштери жүрүүдө

Бөлүшүү:

Украинанын Журналисттер бирикемеси 12-июнда ЕККУнун атайын байкоо миссиясына жана Эл аралык Кызыл чырым уюмуна кайрылып, Станислав Асеевди издөөгө жардам сурады. Блогер 2-июнда жоголгон.

Асеевдин достору, үй-бүлөсү жана кесиптештери ал тууралуу он күндөн бери маалымат жок экенин айтышууда. Блогер макалаларында Станислав Васин ысымын колдонот жана “Азаттык” радиосунун украин кызматынын штаттан тышкары корреспонденти болуп эсептелет.

Парламенттин мурдагы мүчөсү, Асеевдин эски таанышы Егор Фирсов Фейсбукка журналист 6-июнда Донецкте жикчилдердин колуна түшүп, күч менен кармалып турганын жазган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун башкы редактору Ненад Пеич Асеевди чындап эле күч менен кармап турушса, “бул терең кооптондуруучу жана мыйзамсыз” акт экенин жарыялады. Пеич билдирүүсүндө блогерди токтоосуз бошотуп, анын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: