Menu

Алмазбек Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Бөлүшүү:

Атамбаев бүгүн, 13-июнда  өлкөнүн баш прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  өлкөбүздүн укук коргоо органдарынын системасын реформалоонун алкагында надзордук органга өткөрүлүп берилип жаткан милдеттер   – кылмыштарды каттоону жүргүзүү, кылмыш-укуктук статистиканы калыптандыруу, анализдөө, чараларды иштеп чыгуу жана өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалын  прогноздоо боюнча жүргүзүлүп  жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Индира Жолдубаева ошондой эле мамлекеттик бийлик   жана башкаруу органдарындагы  коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан  чаралар, ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ишмердик жөнүндө  маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев   мамлекеттин алдында турган бардык чөйрөдөгү милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мыйзамдын артыкчылыгын жана мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  көзөмөлдөөчү орган  укук коргоо органдарынын ишмердигин мындан ары өркүндөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды көрүш үчүн кылмыштарды каттоонун жана анализдөөнүн системасынын иши сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга тийиш экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: