Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушун каржылоо боюнча насыялык келишимди жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү Азимкан Жусубалиевдин айтымында, Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоо максатында, Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя алынууда. Насыяны төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү – 1 пайыз. Бул участок 2-категориядагы жол болуп саналат.
Эске салсак, Түндүк – Түштүк автожолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Ушу тапта 74 чакырым жолдун курулушунун каржысы табыла элек. Жол 2020-жылы ишке киргизилет, ал эми 2022-жылы толугу менен кабыл алынмакчы. Жолдун начар бөлүктөрү подрядчиктердин эсебинен калыбына келтирилүүгө тийиш.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ