Menu

Тармактык комитет президенттик шайлоону дайындоого байланыштуу токтомдун долбоорун жактырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети ушул жылы боло турган президенттик шайлоону дайындоого байланыштуу токтомдун долбоорун жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Жогорку Кеӊештин токтомунун долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалууда. Андан сырткары, бул документ аркылуу Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилет. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам талаптарына ылайык таза жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылуу милдети жүктөлөт.

Ошондой эле, Өкмөткө президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү жүрүшүндө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чараларды көрүү сындуу тапшырмалар каралган. Андан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да аймактык шайлоо комиссияларынын ишине колкабыш кылууга тийиш.

Эске салсак, Конституция талаптарына ылайык, Жогорку Кеӊеш шайлоого 4 ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: