Menu

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда тармактык комитеттин көчмө жыйыны өтүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети КР Өкмөтүнүн Эсептелген төгүмдөр боюнча карыздарды жабуу үчүн төлөмдөрдүн планы жөнүндө Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен КР Өкмөтүнүн ортосундагы (ЮНИДО программасы боюнча) макулдашуу долбоорун жактыруу жөнүндө буйругунун долбоорун жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Өнөр жай, энергетика министринин орун басары Кубан Мырзаковдун айтымында, Кыргызстандын 1993-жылдан бери топтолуп калган БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча мүчөлүк төгүмү 385 миӊ долларды түзөт.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев чейрек кылымдан бери төлөнбөй келген мүчөлүк төгүмдү азыр төлөөнүн кандай зарылдыгы бар экенин сурады. Баяндамачы ЮНИДО программасынын алкагында Кыргызстан жардам ала турганын билдирди. «Азыр Орусия өнөр жайды өнүктүрүү багытында 500 миӊ доллар бергени турат. Ал үчүн биз адегенде карыздан кутулушубуз керек. ЮНИДО буга чейин курулуш тармагына 8 млн доллар берген, эми айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү тармагына 2 млн доллар каражат бөлөт. Ага мүчө өлкөлөр да жардам беребиз деп турушат», – дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда Жогорку Кеӊещтин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана жаӊыдан түзүлгөн «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын иши тууралуу маалымат угулмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: