Вашингтон Орусия шаарларындагы тынч митингдер учурундагы жапырт камоолорду айыптоодо. Акүйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер Орусия жарандары өз оюн эркин билдирүүнү колдогон өкмөткө татыктуу экенин айтты.
АКШ Москваны кармалгандарды бошотууга үндөөдө.
Дүйшөмбүдө Орусияда коррупцияга каршы жапырт митингдер өттү. Москва жана Санкт-Петербургда каршылык акциялары бийлик менен макулдашылган эмес. ИИМ 150дөн ашуун адам кармалганын билдирди. “ОВД-Инфонун” маалыматы боюнча Москвада эле 730, Петербургда 500дөй киши кармалды. ММКлардын кабарлашынча, жалпы Орусия боюнча 1500дөн ашуун киши кармалды.
Бул арада Москвада сот митинг өткөрүү эрежелерин бузган деген негизде коррупцияга каршы жүрүштүн уюштуруучусу, 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Алексей Навальныйды 30 суткага камоо чечимин чыгарды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ