Menu

Учурда республика боюнча 7814 балага ылайыкталган 41 балдардын ден-соолугун чындоочу борбор жана лагерлер бар

Бөлүшүү:

Учурда республика боюнча балдар жайкы каникулда эс ала турган 7814 балага ылайыкталган 41 балдардын ден-соолугун чындоочу борбор  жана лагерлер бар, –  деп маалымдады Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жашы жете элек балдар боюнча бөлүм башчысы Азамат Абдрахманов, «Окуу жылынын жыйынтыгы, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, жаңы мектептердин курулушу» тууралуу маалымат жыйынында. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Мындан сырткары жалпы билим берүү мекемелеринде күндүзү балдар келип эс ала турган 638 мектеп алдындагы лагерлер ачылды. Алар 2017-жылдын 5-июнунан 6-июлуна чейин иштейт.

Ар бир мектеп алдындагы лагерде кайгуул кызматынын жашы жете электерди текшерүү кызматкерлери, эртең мененки жана күндүзгү жол кыймылын жөнгө салуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектепке жакын жерлерде алардын ата-энелеринин  жана мугалимдердин коопсуздугун коргоо боюнча иш алып барат. Бардык лагрерлерге кошумча 200 милиция кызматкери тартылды, алар түнү-күнү коомдук тарптипти көзөмөлдөйт», – деди ал.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине каршатуу патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, жалпы республика боюнча 2087 жалпы билим берүү мекемелери текшерүүдөт өткөн. Жыйнытыгында жолдун  боюнча жайгашкан 573 мектепке 909 жол  белгилерин орнотуу керектиги аныкталган. 174 жерге жасалма ылдамдыкты азайтуучу белгилер коюлушу керек болсо, 535 жерге кошумча чакыруу светофордук объектер коюлуп, 543 жерге жол белгилерин орнотуу керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: