Menu

Ошто кыргыз-өзбек достугун даңазалаган концерт өттү

Бөлүшүү:

Ош шаарындагы Амир-Темур (Он-Адыр) конушунда кыргызстандык жана өзбекстандык артисттердин катышуусунда Достук концерти өттү.

Бүгүн Шевченко атындагы мектептин короосунда болгон маданий иш-чараны жергиликтүү ишкер Дилмурад Ишанов шаардык кеңештин жана мэриянын колдоосунда уюштурган.

Ишановдун демилгеси менен Ташкенттеги Мукими музыкалык-театрынын артисттери 7-июнда Ошко бир апталык гастролго келишкен. Алар облус аймагында “Жайдары келин” спектаклин акысыз тартуулап жатышат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда сууп кеткен маданий алакалар 2016-жылдын күзүнөн кайра жандана баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: