Жогорку Кеӊеште прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын кайрадан тактоого багытталган “КР Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдайт.
Демилгечилердин айтымында, бул мыйзам долбоору аркылуу прокуратура органдарынын айрым ыйгарым укуктары Конституциялык мыйзамдын ушул долбоору 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган чечимдерге ылайык келтирилүүдө.
“Мисалы, Конституциянын 104-беренесинин 1- жана 6-пункттарынын талаптары жайылтылган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын тизмеси аныкталды. Тизмеге мурда прокуратуранын көзөмөлүнөн сырткары калган мамлекеттик органдардын кызматкерлери киргизилди”, – дейт демилгечилердин бири депутат Мирлан Жеенчороев.
Буга чейин мамлекеттик органдарда мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын, тактап айтканда, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдар эч бир тараптан көзөмөлдөнбөй келгени белгилүү болду.
Андан тышкары, мамлекеттик кызмат адамдарына карата жазык ишин козгоо жана тергөө үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүп берүү боюнча прокуратуранын өзгөчө ыйгарым укуктары белгиленет. Ошондой эле, башкы прокурор же анын орун басары тарабынан кабыл алына турган жазык ишин козгоо жөнүндөгү чечимдер боюнча кызмат адамдарынын тизмеси да аныкталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ