Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Шайлоону таза өткөзүү – Атамбаев үчүн өмүр бою тынч жашап, элдин урматына ээ болушунун жалгыз шарты”

Бөлүшүү:

-Эдил мырза, президенттик шайлоонун күрөөсү 100 миңден 1 миллион сомго көтөрүлгөнү туура эле болдубу?

– Күрөөнү жоторулатышы туура эле кадам болгон. Болбосо, шайлоо өтө эле майдаланып баратат. Бул сапаттуу тандоо кылууга, терең таймашка тоскоол болот. 1 миллион сом бул анча деле чоң тоскоол эмес. Президент болууну эңсеген талапкердин финансылык абалы жетиштүү болушу керек. Бирок, жаңыдан ишке кирген Шайлоо кодексинде демократияга зыян келтире турган да жагдайлар бар. Мисалы, Жогорку Кеңештин шайлоолорунда босогону 9%га көбөйткөнү аябай натуура демилге болуп калды. Бул эмки шайлоодо демократияга чоң сокку болот. Бийликтин легитимдүүлүгүн түшүрөт. Элестетип көрсөңүз, мисалы, 10 партия катышып, алардын жетиси 6-7%дан алып калды дейли, 9%га жетпей өтпөй калышты. Анан бүт эле бийлик тиги 9%дан өткөн эки партияга тийип калып атпайбы – буга кайсы эл макул болот? Бул демократия – көпчүлүктүн бийлиги эмес эле, кайрадан азчылыктын бийлиги болуп калып атпайбы. Даана стабилдүүлүк ошондо бузулат. Мамлекеттин күчү мындан дагы тайыйт. Менимче, Жогорку Кеңеште биз биринчи орунду алган партияга бонус берип, ошолордун мандаттарын автоматтык түрдө 50 же 60 деген сан менен беришибиз керек. Мындай эреже көптөгөн мамлекеттерде киргизилген. Ошондо биздегидей фракция майдаланбай, өкмөт стабилдүү коалиция менен курулушуна шарт түзүлөт.

– Сиздин баамыңызда президенттик шайлоодо катуу таймаш болобу же талапкерлердин баары кызматтарды бөлүшүп алып, соодалашуу жолу менен тынчып калабы?

– Шайлоо, менимче,- эң кызыктуу өтөт. Таймаш реалдуу болот. Сооронбай Шарипович премьер-министр болгону менен жогоруда айткандай элдин көпчүлүгүнүн эмес, өзүнүн партиясынын толук кандуу колдоосуна ээ боло алган жок. Андан сырткары, дагы эки талапкер Темирбек Сариев менен Өмүрбек Бабановдор мурун премьер-министр болушкан. Мындай таймаш биздин тарыхта тээтиги 1995-жылы Акаев менен Масалиев, Шеримкулов жана Аманбаевдер кармашканда болгон. Күрөш катуу болот, бирок ошол эле учурда менимче стабилдүүлүккө коркунуч жаралбайт. Талапкерлердин баардыгы элдин тандоосуна моюн сунуп беришет! Андан күмөн жок. Эң негизгиси шайлоо таза өтүшү керек. Бирок, бийликте кимде ким акыркы заматта эрежелерди өзгөртүп, кандайдыр бир мыйзамсыз аракет кылам дей турган болсо, эл көтөрүлөт – андан күмөн этпей эле коюңуздар! Жети жылдан бери эл ушул күндү күттү. Демократияны, элдин бийлигин эл азыр уурдатпайт. Шайлоону таза өткөзүшү милдет! Аны Атамбаев өзү деле түшүнүп турат. Бул анын өмүр бою тынч жашайм, элдин урматына ээ болушунун жалгыз эле шарты. Оюн менен ойнобойт! Мурунку президенттердин куйруктарынын тилин албайт деп ишенебиз!

– Кыргыз саясаты дагы кандай нукка бурулушу мүмкүн? Эл эмнеге даяр болушу керек?

– Шайлоонун биринчи туру 15-октябрда болуп, эки тур менен өтөт болуш керек. Менимче элде чон үмүт жаралат. Өзүнүн бийлигине, таасирине, келечегин өзү чечип, жолун аныктай алышына кыргыз эли абдан сыймыктанат. Бүт борбор-азиялык региондун элдери дагы бизге бир сыйра суктанышат. Анткени, биз жаңы жетекчибизди бир канча мыкты талапкердин арасынан өзүбүз тандап алганы турабыз. Бирок шайлоо өтөөрү менен, ушул жаңы президенттен көптү үмүт эткен эл бат эле түшүнөт. Жаңы президентке эски парламент жана туура эмес жазылган, анан кайра бурмаланган Конституция тоскоол кыла турганын. 2018-жылдан калбай жаңы шайланган эл башчы кандайдыр бир ийгиликке жетишем десе, жаңы Конституция кабыл алууну жана парламенттик шайлоо өткөзүүнү элинен суранат болуш керек деп эсептейм.

Андай кадамга барып, чечкиндүүлүктү көргөзбөсө, интригалар күчөйт, стабилдуүлүк орнобойт, экономикабыз өнүкпөйт. Баягы эле кагаздын бетиндеги стратегиялар, анан кооз-кооз сөздөр “мына эртең жыргайбыз” деген менен эле чектелебиз. Акыркы жети жылдын ичинде эл көзөмөлү жок калдык. Азыр эки тизгин, бир чылбырды колуна алчу күчтүү жана көрөрман лидер керек элибизге. Элдин жолду көрсөтө алчу, мамлекетти өнүктүрүп, акыркы жылдары түшкөн терең аңдан чыгара турчу жетекчини эңсеп күткөн учуру.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: