Menu

Иса Өмүркулов “Текебаев боюнча кандай иштер болгонун, бүгүн ага кандай күнөө коюлуп жатканы тууралуу маалыматым жок” деп оозду ачырды

Бөлүшүү:

Ал гана эмес, дегеле Текебаевдин айланасында эмне болуп жатканы тууралуу да кабары жок. Бул тууралуу кечээ, 13-июнда уюштурулган “Азаттык клубунда” көрсөтүүсүнүн түз эфиринде бийликчил КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анда көрсөтүүнү бир көрөрманы тарабынан “Бакиев бийлиги сиздин үйүңүзгө граната жардырып, сизди айылдаштарыңыз менен биргеликте бакиевдердин камагынан алып калганын, ал убакта андан башка карманаарыңыз жок экенин былтыр Өмүрбек Текебаев өзү айтты эле, ал элдин эсинде болуш керек.

Текебаев чын эле сизди кармап кетүүдөн алып калганбы? Андай болсо азыр сиз эмнеге Текебаевдин карманаар адамы болбой жатасыз? Ага барып кабар алып жатасызбы?”” деген суроо берилген.

Буга Иса Өмүркулов “Биз көп жылы, Акаевдин бийлигинен баштап оппозицияда бирге болгонбуз, бир эле граната эмес, андан бөлөк да кысымдар көрсөтүлгөн. Ооба, менин үйүмдү да жардырышкан. Анда мени биринчиден, эл колдогон, анан ошол элдин арасында саясатчылар да болгон.

Албетте, бул боюнча ар ким өз пикирин айткан, мен дагы Текебаев тууралуу сессияда айткам”, – деп какактанып барып “Мага деле кылмыш иши козголгондо мен тазалыгымды далилдедим. Эгер, Текебаев да ага козголгон иште ак экенин юридикалык жактан далилдеп, тастыктаса , мен ойлойм, маселе жок”, – деп жооп берди.

Эң кызыгы, ушул суроого жоопту улай Иса Өмүркулов азыр Текебаев боюнча кандай иштер болгонун, бүгүнкү күнү ага кандай күнөө коюлуп, эмне жөнүндө болуп жатканы тууралуу анда маалымат жоктугун айтып элдин оозун ачырды.

Ал эми журналисттин “Текебаев камалгандан бери барып, акыбалын сурадыңызбы?”, деген суроосуна “бара элекмин” деп бир сөз менен тим болду.

Булак: Каганат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: