Menu

Румыниянын мурдагы президенти сот жообуна тартылат

Бөлүшүү:

Румыниянын башкы прокуратурасы өлкөнүн мурдагы президенти Ион Илиеску менен мурдагы премьер-министр Петре Роман 1990-жылы жайындагы бир нече адамдын өлүмү боюнча сот жообуна тартыла турганын билдирди.

Ошол жылы 13-июнда өкмөттүн чакыруусу боюнча Бухарестке келген миңдеген шахтерлор менен шаардыктардын ортосундагы кагылышуулардан төрт активист каза болуп, миңден ашык киши жаракат алган. Румын борборунун көчөлөрүндө кан төгүүлөр 3 күнгө созулган.

Бухаресттеги ал окуялар жаштар менен студенттердин узакка созулган көчө демонстрацияларынын чечүүчү учуру болуп калган. Ага чейин 53 күн бою борбордук аянтка миңдеген шаардыктар топтолуп, неокоммунисттерге каршылыгын билдирип турушкан. Студенттер Ион Илиескуну демократиялык башкаруу нормаларын бузууга айыпташкан. 1989-жылы декабрда Илиеску жана анын тарапташтары «революциялык төңкөрүштөн» жана президент Николае Чаушеску менен анын аялы Еленанын өлүмүнөн кийин бийликке келишкен.

Ион Илиеску менен Петре Роман Бухаресттеги өкмөткө каршы чыккан адамдарды кууп таратуу үчүн жооптуу экендиктерин четке кагып келишет. Азырынча соттун датасы жарыялана элек. Соттолуучулардын арасында ошол кездеги румын коопсуздук кызматынын башчысы Виржил Мэгуряну дагы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: