Menu

Өкмөт менен ЮНИДОнун ортосунда төлөм планында каралган өзгөчө баа салымдардын карызын жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнөр жай өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (ЮНИДО)  ортосунда бүгүн, 14-июнда,  төлөм планында каралган өзгөчө баа салымдардын карызын жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Келишимге Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, КР ЖККУ алдындагы Вена шаарындагы  жана башка эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов жана ЮНИДОнун башкы директору Ли Йонг кол коцду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөт Кыргызстан менен ЮНИДОнун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, ошондой эле экономиканын ар кандай тармактарында маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу ички тармагын колдоо боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда ишке ашырыла элек ири өнөр жай потенциалы бар экенин баса белгиледи.

«Өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө карабастан, 44 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турат. Учурда алардын  базасында жаңы өндүрүш куруу жана түзүү үчүн инвесторлорду тартуу багытанда иштер жүрүп жатат», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы өлкөнүн өнөр жай сектору өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын жана ЮНИДО сыяктуу ири эл аралык уюмдардын колдоосуна муктаж экенин билдирди.

ЮНИДОнун башкы директору  Ли Йонг анын Кыргызчстанга келгендеги негизги максаты өнөр жай тармагында колдоо көрсөтүүнүн жолдорун изилдөө экенин айтып өттү.

Ли Йонг өлкөнүн агроөнөр жай мүмкүнчүлүгү зор экенин айтып, аталган тармак чет элдик инвесторлорго муктаж экенин кошумчалады.

Мындан сырткары ал өлкөнүн өнөр жай тармагында жаңы ай-ти технологияны ишке киргизүү зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстандагы 2018-2025-жылдарга өнөр жай тармагында өнүктүрүү боюнча стратегиялык планын ишке ашырууга активдүү катышууга кызыкдар экенин айтып, бул Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн механизми болуп каларына ишеним артарын баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЮНИДОнун башкы директору Ли Йонгго Кыргызстанга жасаган жумуш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бул биргеликте кызматташууну өнүктүрүүнүн жана ЮНИДОнун Кыргызстандагы өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенинин далил экенин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: