Menu

Парламенттин мурунку төрагасы А.Келдибековдун соттуулугу 5 айдан кийин жокко чыгарылат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат. Бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн, 13-июнда таратты.
«Бишкек шаардык сотунун чечими менен А.Келдибековго 10 млн сом өлчөмүндө айып салынган. Бул өкүм Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен күчүндө калтырылган. Ал эми, айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 76-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункттун негизинде А.Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат», – деп айтылат Жогорку соттун билдирүүсүндө.
Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 46-беренеси боюнча, шайланган талапкерди каттоодон чыгаруу тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер соттуулугу жокко чыгарылбаганы тууралуу маалыматтарды, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенин, Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылганы же башка өлкөнүн жараны тууралуу маалыматтарды жашырып, бул фактылар далилденген учурда жокко чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын жаңы президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.
Булак: “barakelde.turmush.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: