Menu

Англияда Максим Бакиевге каршы далилсиз көрсөтмө берген башкы күбө cотко келбей качкандыгы үчүн камалды

Бөлүшүү:

Англияда Максим Бакиевдин Шон Дейлиге кол салуусу боюнча соттук ишиндеги башкы күбө кармалды. Бул тууралуу англиялык ишкердин кызыкчылыгын коргогон «Гранд Профи» компаниясы билдирди.

Алардын маалыматында, полиция кармаган Израиль жараны Берти Синбети Максим Бакиев менен Шон Дейлинин сотунда башкы күбө болчу.

Эскерте кетсек, Шон Дейлинин айтымында, Максима Бакиев аны өлтүрүүгө буйрук берген. Кыргызстандын мурдакы президентинин уулунун бул тууралуу сөзүн ишкер Берти Синбети уккан. Бирок, ал бул ишти караган Лондон сотуна далилдөө үчүн келбей жаткан. Башкы күбөнүн жактоочуларынын айтымында, Израиль ишкеринин көрсөтмөсүн сатып алуу жана коркутуу аракеттери көрүлдү.

Эскерте кетсек, 2005-жылы «Оксус» компаниясы Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө уруксат алган. 2006-жылы Максим Бакиев лизенциясын башка ишканага сатууга мажбурлайт. Ошол эле жылы Шон Дейлиге кол салуу болуп, даарыгерлердин жардамы менен тирүү калган ишкер өлкөдөн чыгып кеткен.

2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевди Дейлиге каршы кылмыштын башкы уюштуруучулары деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Булак: “24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: