Menu

Тайырбек Сарпашев МККанын төрагалыгынан кетүү арызын өз ыктыяры менен жазгандыгын билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн Тайырбек Сарпашев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан өз ыктыяры менен бошотуу тууралуу арызын жазып, тапшырды. Бул тууралу ММКнын пресс-кызматы билдирди.

«Мен, “Учкун” Ачык акционердик коомунун маселеси боюнча менин аркетимде мыйзам бузуу болгон эместигин далилдедим. Скрябина 45-45а маселеси боюнча дагы мыйзам бузулбагандыгын далилдейм. Мамлекеттик каттоо кызматы 4 айдан бери төрагасы жок иш алып барууда. Бул туура эмес деп ойлойм. Каттоо кызматынын төрагасы күнүмдүк жасалып жаткан жумуштарга жана алдыга койгон долбоорлорду көзөмөлдөп, иш жүзүгө ашырууда жоопкерчиликти алыш керек», – деп билдирди Т.Сарпашев өзүнүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгынын себебин.

Тайырбек Сарпашевдин айтуусу боюнча 2017-жылдын 12-июнунда УКМК “Учкун” маселисинде кылмыштын түзүмү жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотту. “Мен 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезимде мамлекеттик бланктарды басып чыгарууга мыйзамсыз буйрук берген деген негизсиз айыптоолор жокко чыгарылды. Кудайга шүгүр, тергөөчүлөр ишти дыкат иликтеп, чындыкты жана акыйкаттыкты орнотушту”, – деди Сарпашев.

Ал эми Бишкек шаарындагы Скрябина 45-45а жер тилкеси боюнча мен тараптан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болбогондугун ишеничтүү айта алам. “Бүгүнкү күнгө чейин мага жалган жалаа жаап, ылайга чылагысы келген күчтөрдүн аракеттери мени таң калтырууда. Тергөө иштери баарын терең иликтеп, чыныгы кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартат деген ишеничтемин. Бул жер участогуна Максим Бакиев ортомчу кишилер аркылуу ээлик кылып келген деген билдирүүлөр массалык маалымат каражаттарында белгиленүүдө. Аталган жер участогуна менин атымды атайын аралаштырып, булгоого аракет жасаган саясый күчтөр бар экендигин эксперттер, жарандык коомдун байкоочулары массалык маалымат каражаттарында ачык айтып келүүдө. Бул мага бут тосуу, жасалып жаткан жумуштарга зыян келтирүү максатында жасалгандыгын эсептен чыгарбоо керек. Мен акыркы айларда аткарылган жумуштардын жана кандайдыр бир кетирилген кемчиликтердин үстүнөн көп ойлонуп, анализ жүргүзүп, жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар жана өзүмдүн жеке кызыкчылыгым үчүн эч нерсе жасабаганымды ишеничтүү баса белгилегим келет.

Мамлекеттик каттоо кызматанын төрагасы 4 айдан бери жоктугу бул көп убакыт. Ошондуктан, алдыда келе жаткан шайлоолорду таза өткөрүү максатында, аягына чыга элек иликтөө иштери обьективдүү болуусу үчүн өз ыктыярым менен арызымды жаздым. Жоопкерчиликтүү кызматтарда мага  көрсөтүлгөн ишеничти жогору баалайм жана өзүмдүн репутациямдын тазалыгын баарынан жогору коем.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: