Menu

Өзгөн районунун Бабыр айылындагы эски мечит заманбап болуп жаңыланды

Бөлүшүү:

Кечээ, Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүнө караштуу Бабыр айылындагы 200 орундуу “Бабыр” мечити заманбап стилде кайрадан жаңыланып курулуп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдайт

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Мырзаке айыл өкмөтүнүн башчысы Раимберди Курманкулов, райондун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана жергиликтүү тургундар катышышты. Мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып,  жалпы келген коноктор айыл тургундарын мечиттин заманбап болуп бүткөрүлүшү менен куттукташты. Ал эми облус казысы Самидин кары Атабаев “Рамазан айынын өзгөчөлүгү жана кайрымдуулук” темасында баян жасап, рамазан айында сооптуу амалдарды көбүрөөк жасоого үндөдү. Ошондой  эле мечит имамына казыяттын атынан диний китептерди белекке берди. Соңунда жалпы элге ифтарлык уюштурулду.

Эскерте кетсек, аталган мечит Кызыл Жарым ай коомунун жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосунда 2 айдын ичинде  бүткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: