Menu

Пакистанда 30 жаштагы Таймур Facebook баракчасындагы комментарийи үчүн дарга асылат

Бөлүшүү:

«The Guardian» басылмасынын жазганына караганда, Пакистандын Лахор провинциясындагы Бахавалпур шаарында Facebook баракчасындагы комментарийи үчүн 30 жаштагы Таймур Раза (Taimoor Raza) өлүмгө өкүм кылынды. Басылманын маалыматы боюнча, Таймур Раза дагы бир Facebook колдонуучу (ал терроризмге каршы күрөшүү боюнча департаменттин агенти экен) менен дискуссия учурунда суннит диний ишмерлери, Мухаммед пайгамбардын аялдары тууралуу жаман сөздөрү жазган. Натыйжада, Пакистандын соту шиит азчылыгына таандык болгон Разаны дарга асууга өкүм кылды. Бүгүнкү күндө бул социалдык түйүндөрдөгү комментарий үчүн чыгарылган эң каардуу өкүм болуп саналат.

Динге акаарат келтиргендерди жазалоону караган мыйзам Пакистанда 1986-жылы кабыл алынган.

Булак: “Азия Ньюс””

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: