Menu

Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту угулду. Бул туурасында Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Эсептөө палатасынын Улукбек Мариповдун айтымында, 2016-жылы Эсептөө палатасын тарабынан 3051 аудиттик объектиге текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ичинде 2263 бюджеттик мекеме, 399 чарба жүргүзүүчү субъект, 355 жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-уюм бар. Ал эми өткөн жылдагы текшерүүлөрдүн натыйжасында, жалпы суммасы 2,6 млрд сомду түзгөн каржы тартибин бузуулар аныкталып, анын 1,1 млрд сому калыбына келтирилген.

«Мамлекеттик бюджеттин резервддери жана жоготуулары өткөн жылы 13,2 млрд сомду түзсө, анын 1,9 млрд сому кайра кайтарылган. Андан тышкары, натыйжасыз пайдануунун натыйжасында 868 млн сом өлчөмүндө чыгаша аныкталды. Алардын 82 пайызы бюджеттик каражаттарга тиелешүү болуп, жоготуунун 151 млн сому калыбына келтирилди», – дейт Эсептөө палатасынын башчысы.

Талкууда Эсептөө палатасында иш жүргөндөй эле болуп жатканы менен көйгөйлөр мурдагыдай эле калып жатканы сынга алынды. Ошону менен катар социалдык мекемелерге республикалык бюджетте каралган каражат толук каржыланбай калып жаткандыгы айтылды. Буга карата КР Эсептөө палатасынын өкүлдөрү Каржы министрлиги республикалык бюджетти бөлүштүрүүнү туура эмес пландоосунан улам жогорудагыдай кемчилик кетип жатканын билдиришти.

Жыйын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын 3кө түшүрүү боюнча сунуштар берилди. Ошондой эле кыскарган аудиторлордун айлыгын калган 3 аудиторго бөлүштүрүү менен аудиторлордун коррупциялык иш-аракеттерге барбайт беле деген ой-пикирлер айтылды. Мындан сырткары, мамлекеттин каражатын натыйжалуу пайдалануу жаатында жоопкерчилик маселесин күчөтүү максатында КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун тездетүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыгында Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчётун жактыруу менен Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы иши канааттандырарлык деп табуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: