Menu

Атамбаев – кедей Кыргызстандын бай президенти

Бөлүшүү:

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Мен мурда эле бай болчумун, байлыгымды маңдай терим менен топтогом” деген сөздөрдү көп айтат. Анын “мен мультимиллионер болгондо Салымбеков бизнесин эми баштап жаткан, Бабанов болсо студент болчу”, “Акаев “Вольводо” жүргөндө мен биринчилерден болуп “Мерседес” тээп жүрчүмүн” деген мактаныч сөздөрү эл аралап жүрөт. Бирок, Атамбаевдин байлыгынын таза жолдор менен топтолгонуна шек санагандар Кыргызстанда өзүнчө бир массаны түзөт. Алсак, экс-президент Аскар Акаев “анын Орусиядан келген 50 млн рубль гранттык каражатты Ч.Айтматов аркылуу Жазуучулар союзуна деп алдыртып, кийин ал акчага жеке өзүнө заводдорду, кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганын” айтып келет. 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүндө кызмат орундарын соодалоо боюнча Бекназаров ме­нен талашып-тартышканынын аудиожазуусу чыгып кеткен. Атамбаевдин жакын достору, кол алдында шоопур, жансакчы, техникалык кызматкер болуп иштеген адамдар кыска мөөнөттө кыргыз бийлигинин тепкичтеринде болуп көрбөгөндөй карьералык секириктерди жасашканы, ку­ру чөнтөк кембагалдан миллионер-бизнесменге айланып чыга келишкени чакан Кыргызстанда алаканга салгандай бадырайып көрүнүп турат. Оппозиционер Ө.Текебаев январда Дача СУ- да 40 адамдын өмүрүн кыйып кулаган учактагы кымбат баалуу товарларды да Атамбаевге таандык деп, ага далил документтери бар экенин билдирип чыккан. Ошого улай Текебаев камакка алынып, алигүнчө тор артында олтурат.

Президенттин Кой-Таштагы жаңыдан курулган заңгыраган вилласы, ал жайгашкан 2,7 га жер тилкеси да коомдун талкуусунда корруп­циялык жол менен келген байлык катары сыпатталып келет. Жергиликтүү ММКлардын болжолдуу эсептөөлөрү боюнча А.Атамбаев Кыргызстандагы эң бай адамдардын тизмесинде 650 млн доллар капиталы менен 3-орунда ту­рат. Так ушул Атамбаевдин тушунда Кыргыз­станда бийлик бутактары болуп көрбөгөндөй олигархташып, коррупция менен жоопкерсиз башкаруу гүлдөп өстү, мамлекеттик башкаруу системасы дилетанттардын колуна түшүп, талкалануу жолунда баратат. Ошол эле маалда өлкөнүн экономикасы кедеринен кетип, карызы уламдан-улам чоңоюп барат.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: