Menu

2020-жылы олимпиада оюндарына спорттун 16 түрү кошулат

Бөлүшүү:

Эл аралык олимпиада комитетинде чоң жыйын болуп өттү. Кээ бир спорттун түрү келерки 2020-жылкы жайкы олимпиада оюндарында алып салмай болушту. Алсак, оор атлетика боюнча эркектер арасында кайсы бир салмак чени жакпай аткан имиш. Ошол эле учурда спорттун 16 түрү кошумча катары киргени атат. Сууда сүзүү боюнча эркектер арасында 800 метр, аялдар арасында 1500 метр, 4X100 аралаш эстафетасы, стол үстүндөгү теннис боюнча аралаш түгөй, баскетбол 3X3 түрү, аялдар арасында бокс, дагы толуп аткан, биз уга элек же уккан болсок да өздөштүрүлгөн варианттары. Муну ЭОКтун президенти Томас Бах мындайча түшүндүрдү: «Бүгүн дүйнө жүзүндө спорттун жандуу, көздүн жоосун алган түрлөрүнө адамзат ыктай баштады. Мындан сырткары, тең укуктуу жагы да басым кылынууда. Кыз-келиндер арасында бокс мындан 10-15 жыл мурун биз энөө учураган болсо, азыркы күндө популярдуулугу күн санап күчөп атат» деди.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: