Menu

Жалал-Абадда өрткө каршы кызматтын кызматкерлерине арналган монумент орнотулду

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 91 жылдык маарекеси белгиленип, ушул кызматтын кызматкерлерине арналган монументтин ачылыш аземи болду. Бул  тууралуу шаардык Маалымат борбору билдирди.

Аталган иш-чарага Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакыт Байтиков баштаган бир топ бийлик өкүлдөрү жана өрт өчүрүү кызматкерлери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө сөз кезеги вице-мэрге берилип, ал өз сөзүндө бүгүнкү күндүн себепкерлери болгон өрткө кызматкерлердин майрамы менен чын дилден куттуктап, кызматкерлерге чың ден-соолук, кажыбас кайрат жана иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап өтү. Мындан сырткары, вице-мэр өткөн 91 жыл аралыкта кандай жетишкендиктер жана өзгөрүүлөр болгонуна токтоло кетти.

Ал эми Жалал-Абад облустук өткө каршы кызматынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров өрткө каршы кызматтын материалдык-техникалык базасы чыдалып жатканын билдирди.

– Бүгүнкү КРнын өрткө каршы мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине арналган монументтин ачылышы бизде чоң окуя. Аталган монументти куруубуздун негизги себеби, биздин кызматкерлер чындыгында өтө кооптуу жана жооптуу ишти жүзөгө ашырат эмеспи. Эң негизгиси биздин кызматкерлер өз ишинин устаты болуп, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда. Буга чейин союз мезгили жаңы таркаган учурда бизде бир топ эле кыйынчылыктар болгон, тактап айтканда унааларыбыз жок болуп өтө кыйналганбыз. Кийинчерээк, 2008-жылдан баштап бизге ӨКМ жана Өкмөт тарабынан колдоолор болуп, бүгүнкү күнү өз ишибизди так аткарып келүүдөбүз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу 1926-жылы 15-июнда адистештирилген өрткө каршы команда түзүлгөн. Ошол 1926-жылы 15-июнда Фрунзе шаардык советинин сессиясынын чечими менен биринчи жолу шаарда адистешкен өрткө каршы команда түзүлүп, ишин баштаган. Ал кезде өрткө каршы команданын штаттык курамында 9 киши болуп, ал команда төрт ат жана бир автоунаа менен жабдылган.

Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында өрткө каршы кызмат үч жылдан кийин гана 1929-жылы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин кыргыз өрткө каршы кызматынын карамагында 22 автоунаа, 26 мотопомпа, 755 колдо иштетилүүчү насостор болгон.

Кыргыз Ресубликасы Эгемендик алган 1991-жылдан баштап кыргыз өрткө каршы кызматынын азаматтары он миңдеген өрттөрдү өчүрүүгө жетишип, миллиарддаган сомдук мамлекеттик жана жеке менчик мүлктөрдү сактап калуу менен, жүздөгөн адам өмүрлөрүн да сактап калууга жетишишкен. Эгемендик жылдарында кыргыз өрткө каршы кызматы 16 миллиард сомдон ашуун көлөмдөгү мүлктөрдүжок болуп кетүүдөн сактап калган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аракетке жөндөмдүү 87 өрткө каршы бөлүктөр иштеп жатат. Анда иштегендер саны 3 миңден ашат. Алардын өз милдеттерин кыраакы аткарганы аркылуу биздин коомубуз, жарандарыбыз өрт коопсуздугунун шартында жашап келатышат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: