Menu

Кочкор районунда сел калдыктарын тазалоо үчүн техникалар тартылды

Бөлүшүү:

Нарын облусунун Кочкор районунда 2017-жылдын 14-июнь күнү саат 15:30 чамасында жааган жамгырдан улам Соң-Көл айыл аймагына караштуу Төлөк айылында кыян суулары пайда болуп, айылдан сырткары жайгашкан 1 жеке турак жайдын короо сарайларына суу кирген. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ошондой эле Төлөк-Соң-Көл унаа жолунун 7-15 чакырым аралыгында 16 жерден коктулардан ылдый сел агындары түшүп, унаа жолду кум-шагылга толтурган. Учурда авто каттам токтогон.

КР ӨКМнин Кочкор районунун бөлүм адиси жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте жеринде абал менен таанышып келишкен. Жолду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштарына №14 жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: