Menu

Сооронбай Жээнбеков: Чүй облусундагы «Шалта» каналынын курулушу менен үч айыл аймагындагы 700 гектар жерди суугарууга болот

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сокулук районунун Белек айылындагы «Новотроицкий» (БСР) суткалык жөнго салуу бассейнинин абалы менен таанышты. Бул туурасында  Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, аталган бассейндин курулуш 1978-жылы башталган. Котлавандарды жана металл түтүктөрдү орнотуу, казуу иштерин өнүктүрүү боюнча иштер  аткарылган. Жумуштун 50% курулуп, фильтрацияга каршы системалары жок болгон. Суу чарба жана мелиорация кызматерлеринен жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган комиссия жүргүзүлгөн  иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, табигый суу жоготуу болуп жаткандыктан, бассейндин курулушун аягына чыгаруунун кажети жок деген тыянакка келишкен.

Варианттарды карап чыгып, комиссия тарабынан облустук суу чарба башкармалыгына «Шалта» каналын куруунун сметасын түзүү тапшырылган. Натыйжада Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы жана Гавриловка айыл өкмөтү тарабынан жалпы сметалык наркы 9 млн 600 миң сомду түзгөн долбоор иштелип чыгып, макулдашылган. Учурда табиягый жоготуулар болуп жаткандыктан айыл чарба жерлерин суугарууда көйгөйлөр бар. Долбоорго ылайык, 3500 метр трубалар өткөрүлүп, Сокулук, Кызыл-Туу, Гавриловка айыл аймактарындагы 700 гектар жер сугарылат. Каналдын жалпы узундугу 6 км.

Өкмөт башчы айыл чарба аянттарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында, аталган долбоорду ишке ашыруу маанилүү экендигин билдирди. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков Суу чарба жана мелиорация департаментине тиешелүү документтердин топтомун даярдоону тапшырды.

Премьер-министр Сооронбай өлкөнүн Өкмөтү тарабынан жакында эле Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы жактырылганын эскертти.

Программанын негизги максаты жаңы сугат жерин айыл чарба азыктарын өстүрүү пункттардын, райондордун жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча маселелерди коомдук-экономикалык абалды жакшыртуу менен камсыз кылуу болуп саналат. Өлкөнүн 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын жана 2040-жылга чейин жаңы иштелип чыккан өнүктүрүү стратегиясынын алкагында, ирригациялык системаны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган. Аталган мамлекеттик программа өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясынын алкагында иштелип чыккан.

2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына  58,8 млрд сом бөлүнүп,  65,7 миң гектардан ашык  жаңы сугат жер ишке кирип, жерлерди суу менен камсыз кылуу 51,6 миң гектарга көбөйүп, 9,5 миң гектар жерди өз алдынча суугаруу системасына өтүп, жердин мелиоративдик абалы 50 миң гектарга көбөйөт

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: