Казакстандын Караганда облусундагы Жезказган шаарынан 50 чакырым алыстыкка кезектеги жолу Орусиянын «Союз-2.1а» ракета ташуучусунун бөлүктөрү кулап түштү. Ал орбитага «Прогресс МС-06» деп аталган транспорттук кемени жеткирүү үчүн «Байкоңур» космодромунан учурулган.
Күбөлөр ракетанын бөлүктөрү кулаган аймакта абанын температурасы 34 градусту түзүп, ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен катуу шамал болуп турганын кабарлашууда. Алар андагы кургак чөп өрттөнгөнүн жана ракета бөлүктөрүн жыйнап жүргөн аскердик-өндүрүш корпорациясынын 55 жаштагы айдоочусу каза болуп, дагы бир кишинин денеси күйүп ооруканага жаткырылганын айтышты.
Ошондой эле социалдык түйүндөрдө Жезказганга жакын жердеги Талап айылында реактивдүү гептил күйүүчү майынын куюлуу коркунучу бар экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду. Аймактын жашоочуларына терезелерди жаап, балдарды көчөгө чыгарбоо кеңештери берилүүдө.
Бирок кийинчерээк өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери калкты тынчтандырууга шашылып, ракета бөлүгүндө зыяндуу заттардын жок экенин билдиришти.
Казак парламентинин депутаттары өлкө бийлиги ракета бөлүктөрүнүн кулашын иликтөөгө милдеттүү деп эсептешүүдө. “Бул трагедия. Биз жаңы ракеталарды өздөштүрүүгө канчалаган убакыт коротуп жатабыз, бирок баары бир кырсыкка жол берилүүдө. Бул уят”, – деп билдирди парламент депутаты Владислав Косарев.
https://www.youtube.com/watch?v=WCgUAFxor64&feature=youtu.be
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ