Menu

Трамп Комини кызматтан алуу чечминин териштирилүүсү боюнча билдирүүлөргө нааразы

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп анын ФБРдин директору Жеймс Комини кызматтан алуу боюнча чечими териштирилип жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүлөргө өтө нааразы экенин билдирди.

Ал Твиттер баракчасына алгач анын «Орусия менен байланышы болгонун» далилдөөгө аракет кылып, бирок эч нерсе таба албагандыктарын, эми сот адилеттигине тоскоолдук жаратуунун ойдон чыгарылган белгилерин издеп баштагандыктарын жазды.

Ал ошондой эле The Washington Post гезитине жарык көргөн макала боюнча пикирин билдирди. Анда атайын прокурор Роберт Мюллер ФБРдин директору Комини кызматтан алуу жараянындагы президенттин аракеттерин териштирип жаткандыгы айтылган.

Кезинде ФБРди жетектеген Роберт Мюллер Юстиция министрлиги тарабынан атайын прокурор кызматына дайындалган. Ал Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн жана Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын орусиялыктар менен байланышын көз карандысыз иликтөөнү көзөмөлдөйт. Прокурорго кеңири ыйгарым укуктар, анын ичинде негиз бар болсо президенттин аракеттерин териштирүү укугу да берилген.

Жеймс Коми Сенаттын өткөн жумадагы угууларында анын кызматтан алынышы Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөнүн Трампка жакпагандыгына байланыштуу экенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: